«Кумтөрдү» эми «Айыл Банк» тейлейт

«Кумтөр» алтын кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК «Айыл Банк» ААКсында (мамлекеттик үлүшү 100%) тейленүүгө өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында банктын башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаев билдирди.

«Айыл Банктын» жетишкендиктерин санап жатып, Букаев төмөнкүлөрдү белгиледи:

  • Жеке адамдар үчүн мобилдик банкты ишке киргизүү
  • Жаңы автоматташтырылган банк системасын ишке киргизүү
  • Mastercard эмиссиясы
  • «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты «Айыл Банкта» эсептешүү-кассалык тейлөөгө тартуу боюнча иштер
  • «Ислам терезесин» ачуу боюнча иштер башталды
  • Эмгек мигранттарын тейлөө үчүн кардарларды аралыктан идентификациялоо боюнча иштерди баштоо

Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр Голд Компанинин» негизги эсептешүү-кассалык тейлөөсү «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАКта (KICB) жүргүзүлүп келген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айынан бери «Кумтөр Голд Компани» министрлер кабинетинин тышкы көзөмөлүндө.