> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ишке кирди
- URL: https://im.kg/all/2021/12/07/kyrgyzstanda-but-kijim-chygaruuchu-ishkana-ishke-kirdi/
- Published: 2021-12-07T10:41:21.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ишке кирди. Кечээ, 6-декабрда Инвестициялык агенттиктин өкүлдөрү аталган объектке барышты.**

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, долбоорду ишке ашыруу быйыл «Хейлунцзян» ЖЧКсы жип жана курулуш кол каптарын чыгаруу боюнча мурдагы долбоордон түшкөн кирешесин реинвестициялоо менен баштаган.

> Өндүрүштүн өлкөдө аналогу жок, ишкана импортту алмаштырууга жана экспортко багытталган – **40%дан ашыгы Казакстандын рыногуна экспорттолот**. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу боюнча айтсак, ал жылына 600 миң жуптан ашык бут кийим чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетет. Мындан тышкары, компания өндүрүш линиясын кеңейтүүнү жана спорттук бут кийимдерди чыгарууну пландаштырууда.

Буга чейин, 2018-жылы агенттик «Хейлунцзян» компаниясын жип өндүрүү жана курулуш кол каптарын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду колдогон болчу. 2019-жылдын 28-августунда Кыргызстанда биринчи жолу, жалпы инвестициясы **2 млн доллардан** ашык болгон жогорку сапаттагы жип жана курулуш кол каптарын чыгаруучу фабриканын салтанаттуу ачылышы болгон эле.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image_6483441-13-1024x682.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image%5F6483441-13.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image_6483441-11-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image%5F6483441-11.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image_6483441-10-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image%5F6483441-10.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image_6483441-9-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image%5F6483441-9.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image_6483441-12-1024x682.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/image%5F6483441-12.jpg)