> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга кирген чет элдик инвестициянын агымы 26%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2021/12/07/kyrgyzstanga-kirgen-chet-eldik-investiciyanyn-agymy-26-ga-st/
- Published: 2021-12-07T12:36:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу быйыл тогуз айда тике чет элдик инвестициялардын агымы 26%га көбөйүп, 503 млн доллардан ашык сумманы түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.**

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын **түзүмүндө** өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу, бардык түзүүчүлөрдөн келип түшүүсүнүн көбөйгөндүгү белгиленди, менчик капиталдын төлөмдөрүнөн башка, алардын көлөмдөрү 2.6 эсеге кыскарган.

**Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (96% жакыны)** геологиялык чалгындоо ишканаларына, иштетүү өндүрүш, пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

##### **КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү**

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу **12% көбөйдү,** бул негизинен:

- Люксембургдан – 11.6 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу)
- Германиядан – 11.4 эсеге (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу)
- Түркиядан – 2.9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соодага – 1.5 эсеге)
- Улуу Британиядан – 2.3 эсеге (геологиялык чалгындоого)
- Кипрден – 2 эсеге (иштетүү өндүрүшү)
- Кытайдан – 22.3% (геологиялык чалгындоо, дүң жана чекене соодага)
- Швейцариядан – 1.7 эсеге (маалымат жана байланыш) жана Нидерланддан – 4.9% (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандуу) өсүшүнүн эсебинен жүргөн.

> Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү **эң чоң салыштырма салмак Кытайга** (27.6%), Түркияга (16%), Улуу Британияга (10.5%), Нидерландга (9.9%) жана Германияга (5.1%) **туура келет.**

##### **КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын** **келип түшкөн көлөмү** 

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу **2.4 эсеге көбөйдү,** бул негизинен:

- Беларусиядан – 18.4 эсеге (дүң жана чекене соода ишканаларына)
- Россиядан – 4.7 эсеге (иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), курулуш, дүң жана чекене соода)
- Азербайжандан – 1.9 эсеге (саламаттыкты сактоо)
- Казакстандан – 1.4 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соода, саламаттыкты сактоо) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

> Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылдын 9 айынына салыштырмалуу Ош шаарында – **5.6 эсеге,** Ош облусунун – 3.3 эсеге, Жалал-Абад облусунун – 2.9 эсеге, Талас облусунун ишканаларына – 1.8 эсеге, жана Бишкек шаарынын ишканаларына – 1.3 эсеге **көбөйдү.** 

Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак **Жалал-Абад** облусунун ишканаларына – **37%** жакыны**, Бишкек** шаарынын ишканаларына **– 33%** ашыгы**, Чүй** облусунун ишканаларына **– 17%,** ошондой эле **Талас** облусунун **– 9%** жакынытуура келген.

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу **тике** **чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 20.3% кыскарды** жана 572\. 8 млн долларды түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 69.3 млн долларга ашты.