> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/07/sadyr-zhaparovdun-murdagy-advokaty-bishkek-shaardyk-sotuna-sudya-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2021-12-07T11:06:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эскерте кетсек, 4-ноябрда** **президент Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды [дайындаган.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/04/prezident-zhergilikt-sottorgo-bir-katar-sudyalardy-dajyndady/)** ****Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы менен президент тарабынан биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө, андан кийинкисинде курагынын чегине жеткенге чейин [дайындалат.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/18/zhogorku-sot-da-emi-prezidenttin-kol-aldynda-sottordun-baaryn-emi-prezident-dajyndajt/)**

Жаңыдан судья болгондордун арасында өлкө башчынын мурдагы адвокаты **Шарабидин Токтосунов** Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп келди.

Белгилей кетсек, Токтосунов Садыр Жапаровду 2012-жылы «Бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылуу» иши боюнча, 2013-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында массалык башаламандык уюштурууга жана Эмил Каптагаевди барымтага алууга айыптаганда сот иштеринде аны жактап келген.

> Ал эми Токтосунов бул кызматка конкурс аркылуу келгенин [Vesti.kg ](https://vesti.kg/politika/item/93890-eks-advokat-sadyra-zhaparova-stavshij-sudej-v-bishkekskom-gorsude-ya-proshel-cherez-konkurs.html)басылмасына: «Мен судьялыкка талапкерлигимди көрсөтүү үчүн арыз жазган конкурс жарым жылга созулду. Өткөнүмө аябай сүйүндүм, эми иштеш керек», – деп айткан.

Ал эми судьялык кызматка президенттин аркасы менен келди деген сөздөргө Токтосунов жооп берүүдөн баш тарткан.