> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 12 кыргызстандык IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринен билим алышты
- URL: https://im.kg/all/2021/12/08/12-kyrgyzstandyk-it-startapchylar-kremnij-r-n-n-n-ekspertterinen-bilim-alyshty/
- Published: 2021-12-08T10:00:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эң мыкты кыргызстандык IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринен окууну аяктап жатат**. 

Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы (ПККИКА/КАРПОУ/KSSDA) АКШдан менторлор менен эки жумалык онлайн тренингдин жыйынтыгын чыгарууда. Окутуучулар катары Кремний өрөөнүнүн стартап акселератору болгон US Market Access Center дин (USMAC) негиздөөчүлөрү – Крис Берри, Альфредо Коппола жана алардын командасы чакырылган. 

Бүгүнкү күндө бул эксперттер 1600дөн ашуун стартаптарга дүйнөлүк рынокко чыгууга жардам беришти. Ал эми Крис Берринин бир долбоордон сатыгы **1.3 млрд долларге** теге теңелген. Мындан тышкары, менторлор чет элдик өкмөттөргө стартап-коомчулукту бекемдөөгө жардам бергени менен белгилүү. 

29-ноябрда башталган bootcamp окуусунан кийин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекистандан стартапчылар Кремний өрөөнүнөн инвестиция жана венчур капиталы тармагынан эксперттер менен түздөн-түз таанышып, IT-индустриянын дүйнөлүк тренддерин жана ийгиликтүү бет ачар өткөрүүнү үйрөнүштү, продуктту масштабдоо жөндөмдөрүн алышты.

Жалпысынан эксперттер КАРПОУ долбооруна Борбор Азиядан 16 стартап тандап алган, **алардын 12си кыргызстандыктарга таандык**.

> Иш-чара 2021-ж. 9-декабрда Ololo ко-воркинг борборунда, Асанбай микр. 27/1 дареги боюнча өтөт. Башталышы 19:15.

ПККИКА Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын долбоору Strategeast жана USMAC менен өнөктөштүктө, АКШнын КРдагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. 

- ПККИКА – бул Кыргызстанда бирдиктүү IT-коомчулукту уюштуруп, аны коргоо жана сектордун катышуучуларынын кызыкчылыктарын илгерилетүү менен дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга колдоо көрсөткн өлкөдөгү алгачкы IT-ассоциация.