Акылбек Жапаров: Республиканын 12 миң тонна буудайга муктаждыгы бар

Республиканын 12 миң тонна буудайга муктаждыгы бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасады, буга катар казак тарап кант өндүрүү менен алектенген кыргыз ишкерлери менен тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын билдирди, ошондой эле кант кызылчасын жана кант сырьёсун өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. 

Ошондой эле казак тарап 1000 тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берери белгиленди.

Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга болгон муктаждыгы бар экенин айтып, казак тараптан көрсөтүлгөн көлөмдү сатып алууга даяр экенин билдирди.

«Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин астына республиканын калкын азык-түлүктүн 9 түрү менен камсыз кылуу милдетин койду, анын катарына буудай кирет. Биз республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана жакынкы аралыкта керектүү көлөмдөгү буудайды сатып алууга милдеттүүбүз», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы. 

Тараптар ошондой эле калкты коммуналдык жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.