Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө 700 миң евро берет
Европа Биримдиги Борбор Азиядагы чек араны башкарууга көмөк көрсөтүү программасына (БОМКА) катышкан беш өлкөгө Латвия менен Литванын каржылык колдоосу менен 22 млн евро бөлдү. Бул тууралуу программанын 10-фазасынын бет ачарында белгилүү болду.
Берилген маалыматка ылайык, ар бир мамлекеткен 700 миң еврого чейин техникалык колдоо да көрсөтүлөт.
Евробиримдиктин аймактык программасы аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого багытталган. Ал Борбордук Азия өлкөлөрүндө чек араны комплекстүү башкаруу жана сооданы колдоо аркылуу туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшөт.
Долбоордун 10-юбилейлик фазасы 4.5 жылга созулат жана ал төрт компонентти камтыйт:
- чек ара ведомстволорунун институционалдык өнүгүүсү
- мыйзам бузууларды аныктоо жаатында потенциалды жогорулатуу
- сооданы жеңилдетүү
- чек ара кызматташтыгын жакшыртуу.