> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандын премьери Жапаровго Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди
- URL: https://im.kg/all/2021/12/08/kazakstandyn-premer-ministri-zhaparovgo-toktogul-suu-saktagychynan-koshumcha-suu-agyzyp-bergendigi-ch-n-yraazychylyk-bildirdi/
- Published: 2021-12-08T14:35:05.000Z
- Updated: 2023-05-03T08:08:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүдө ал Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берип жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.**

Бул билдирүүдө Мамин «эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгын, анын ичинде Сырдарыя, Шу жана Талас трансчегаралык дарыяларынын **суу ресурстарын жөнгө салуу боюнча ыкчам иш-чараларды** биргелешип кабыл алууну жогору баалай турганы» белгиленген.

> «Кыргыз тараптын Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергени Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгын кургакчылык мезгилде канааттандырууга мүмкүндүк бергени белгиленди», – деп айтылат Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.