Кыргызстан Европага салыштырмалуу 1 чарчы метрге 4 эсе көп электр энергиясын колдонот

Кыргызстан Европага салыштырмалуу 1 чарчы метрге 4 эсе көп электр энергиясын колдонот. Мындай маалыматты бүгүн, 8-декабрдагы Жогорку Кеңештнин жыйынында Энергетика министрлигинин өкүлү билдирди.

Жыйында депутаттар электр энергиясын үнөмдөө, күн энергиясын колдонуу тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевге бир катар суроолору менен сунуштарын беришти.

Депутат Самат Исманов ар башка компанияга бирдей эмес, ар түрдүү тарифтер коюлганы, бул кайра эле коррупциялык схемага жол ачаарын, министрлик кайсы бир кызыкчылыктарды коргоп жатканын айтты.

Ал эми Экмат Байпакпаев болсо, ар бир жаран үйү, терези жылууланганда гана электр энергиясын үнөмдөй алышын түшүнүш керек. «Энергияны үнөмдөөчү ыкмалар гана керектөөчүнүн «капчыгын» сактап кала алат», – деген пикирин билдирди.

Министрдин орун басары депутат Бактыбек Турусбековдун учурда республикада канча электр энергиясы өндүрүлөөрү тууралуу суроосуна 45 млн кВт/саат электр энергиясы ГЭСтерде, 9 миллиондон ашууну Бишкек ЖЭБинде өндүрүлөөрүн айтты.

Ошондой эле Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, эксперттер эсептеп чыккан көрсөткүчтөргө ылайык, КР Европага салыштырмалуу 1 чарчы метрге 4 эсе көп электр энергиясын колдонот.