> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропорту: Быйыл 3 млрд 136 млн сом киреше алдык
- URL: https://im.kg/all/2021/12/08/manas-aeroportu-byjyl-3-mlrd-136-mln-som-kireshe-aldyk/
- Published: 2021-12-08T17:21:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропортунун» кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда, 3 млрд 21 млн сом, туунду компаниялар менен бирге 3 млрд 136 млн сомду түздү. Бул тууралуу «МЭА» ААКнын Генералдык директору Бакыт Шаршеев [билдирди.](http://www.airport.kg/press-center/news/891?fbclid=IwAR2elJbMVdHqJY1Fq1xNQYk-AB6g0twwpK-oGCyiRHbvNCKMdJgEKBGc48o)**

Анын айтымында, 2019-жылы ишкананын тарыхында эң жакшы көрсөткүч болуп, туунду ишканаларды кошкондо **2 млрд 100 млн сом** киреше тапкан.

> «Быйыл биз бул көрсөткүчтөрдү пандемияга карабастан ашып өттүк, ишкананын кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда **3 млрд 21 млн сомду,** туунду компаниялар менен бирге **3 млрд 136 млн сомду** түздү. Белгилей кетсек, жыл аягына чейин дагы бир ай бар жана сандар өзгөрүшү мүмкүн», – деди ал.

Ал белгилегендей, каржы көрсөткүчтөр аба жүктөрүнүн эсебинен дагы өскөн. Пандемиядан улам унаа, темир жол аркылуу жүктөрдү алып келүү токтогондуктан, жүк ташуучу каттамдар көбөйгөн.

> Эскерте кетсек, аэропорттун [акцияларынын наркы тынымсыз өсүп жатканын](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/02/manas-aeroportunun-akciyalary-bir-zhumada-25-ga-kymbattady-anyn-sebebin-kfbnyn-eksperti-t-sh-nd-r-t/) Кыргыз фондулук биржасы да тынбай[ билдирүүдө.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/22/krnyn-fonduluk-birzhasynyn-indeksi-rekordduk-k-rs-tk-chk-zhetti/)

2021-жылдын 10 айында «МЭА» ААКсы 3 млн 240 миң 285 жүргүнчүнү тейлеген. Өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 2.7 эсеге өскөн. 2021-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин 27 432 каттам аткарылган. Кошумчалай кетсек, 10 айда кайра иштетилген жүктүн көлөмү 19551.1 тоннаны түзгөн.