Монополияга каршы агенттик: КРда бензиндин кескин кымбатташына жол берген жокпуз

Кыргызстанда бензиндин баасы дагы эле Россиядагы баага салыштырмалуу кымбат. Ошентсе да баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол берилген жок. Мындай маалыматты берген Монополияга каршы кызмат ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жана коңшу республикалардагы баалар боюнча кезектеги баяндамасын даярдады.

Алсак, Аи-92 күйүүчү майынын литринин баасы 60.1 сом, АИ-9564.5 сом болсо, Россияда – 54 жана 59.8 сом.

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын 90%га жакынынРоссиядан өкмөттөр аралык келишимдин алкагында бажы төлөмүсүз ташып келет. Башкача айтканда, КРгы баалар РФнын мунай продуктуларын ташуучу заводдордун баасына түздөн-түз көз каранды.

7-декабрга карата ЕАЭБ жана коңшу мамлекеттерде КММнын орточо баасы

(литрине сом менен)

 КыргызстанКазахстанРоссияБелоруссияАрменияТаджикистанУзбекистан
Аи-9260.136.15466.786.190.176.9
Аи-9564.54259.87089.593.882.4
Дт57.460.961.47084.490.176

Өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги токтомунун алкагында мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү кошпогондо, АИ-80 жана АИ-92 бензин, дизель майы социалдык маанидеги товарлардын тизмесине киргизилген.