> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 2021-жылдагы эң ири интервенцияны жүргүздү
- URL: https://im.kg/all/2021/12/08/uluttuk-bank-2021-zhyldagy-e-iri-intervenciyany-zh-rg-zd/
- Published: 2021-12-08T09:46:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Улуттук банкы декабрда биринчи жана бир жыл ичиндеги эң ири интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.**

Белгилей кетсек, быйыл Улуттук банк валюта рыногуна 14-ирет чыгып, 71.3 млн доллар сатты.

Акыркы жолу жөнгө салуучу 26-ноябрда интервенция жасаган, анда келишим 44.6 млн долларды түзгөн.

> Улуттук банктын акыркы ири интервенциясы 23-ноябрда болуп, жөнгө салуучу орган **70.3 млн доллар** саткан. Жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун кармап турууга **633 млн доллар** короткон.

Эскерте кетсек, жакында УБ [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасына берген комментарийинде регулятор эмне үчүн интервенция жасап туруу керектигин жана эсептик чен тууралуу [айтып берген. ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/06/uluttuk-bank-zhoop-beret-eseptik-chendi-k-t-r-inflyaciyany-basa-datuu-ch-n-zhasaluuda/)