Улуттук банк 2021-жылдагы эң ири интервенцияны жүргүздү
Кыргызстандын Улуттук банкы декабрда биринчи жана бир жыл ичиндеги эң ири интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.
Белгилей кетсек, быйыл Улуттук банк валюта рыногуна 14-ирет чыгып, 71.3 млн доллар сатты.
Акыркы жолу жөнгө салуучу 26-ноябрда интервенция жасаган, анда келишим 44.6 млн долларды түзгөн.
Улуттук банктын акыркы ири интервенциясы 23-ноябрда болуп, жөнгө салуучу орган 70.3 млн доллар саткан. Жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун кармап турууга 633 млн доллар короткон.
Эскерте кетсек, жакында УБ Economist.kg басылмасына берген комментарийинде регулятор эмне үчүн интервенция жасап туруу керектигин жана эсептик чен тууралуу айтып берген.