> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берди
- URL: https://im.kg/all/2021/12/08/uluttuk-energoholding-toktoguldan-kazakstanga-koshumcha-agyzylyp-bergen-suu-tuuraluu-kommentarij-berdi/
- Published: 2021-12-08T16:44:38.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:06:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берди.** 

Эскерте кетсек, Казакстандын премьери Жапаровго Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергендиги үчүн [ыраазычылык билдирген.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/08/kazakstandyn-premer-ministri-zhaparovgo-toktogul-suu-saktagychynan-koshumcha-suu-agyzyp-bergendigi-ch-n-yraazychylyk-bildirdi/)

Компания ресурстарды сактоо жана суу сактагычтын терең түгөнүшүнө жол бербөө максатында үстүбүздөгү жылдын март айында Казакстандын энергетикалык компаниялары менен электр энергиясын алуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирди.

> Келишимге ылайык, жайкысын аларга **Токтогул ГЭСинен суу кошумча агызылып берилип,** кышында казак тарап электр энергиясы түрүндө кайтармак.

Жалпысынан «Электр станциялары» ААК менен Казакстандын энергетикалык компаниясы 900 млн кВт/саат электр энергиясын өз ара алуу келишимине кол коюшту, андан кийин 2021-жылдан 2023-жылга чейин алынган электр энергиясын жалпысынан кайтарып берүү менен көлөмү 300 млн кВт/саатты түзөт.

8-декабрга карата Казакстандын энергетика системасынан электр энергиясын өз ара берүү кызматташтыгынын алкагында **616.4 млн кВт саат** электр энергиясы алынган.