«Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берди

«Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берди.

Эскерте кетсек, Казакстандын премьери Жапаровго Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирген.

Компания ресурстарды сактоо жана суу сактагычтын терең түгөнүшүнө жол бербөө максатында үстүбүздөгү жылдын март айында Казакстандын энергетикалык компаниялары менен электр энергиясын алуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирди.

Келишимге ылайык, жайкысын аларга Токтогул ГЭСинен суу кошумча агызылып берилип, кышында казак тарап электр энергиясы түрүндө кайтармак.

Жалпысынан «Электр станциялары» ААК менен Казакстандын энергетикалык компаниясы 900 млн кВт/саат электр энергиясын өз ара алуу келишимине кол коюшту, андан кийин 2021-жылдан 2023-жылга чейин алынган электр энергиясын жалпысынан кайтарып берүү менен көлөмү 300 млн кВт/саатты түзөт.

8-декабрга карата Казакстандын энергетика системасынан электр энергиясын өз ара берүү кызматташтыгынын алкагында 616.4 млн кВт саат электр энергиясы алынган.