> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бакай Банк» HANSAINVEST фондунан каржылоо алды, аны кичи жана орто бизнести колдоого жумшайт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/09/bakaj-bank-hansainvest-fondunan-karzhyloo-aldy-any-kichi-zhana-orto-biznesti-koldoogo-zhumshajt/
- Published: 2021-12-09T13:37:34.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:10:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бакай Банк» USAID уюмунун жардамы менен HANSAINVEST фондунан каржылоо алды. Банк бул каражаттарды кичи жана орто бизнести колдоого жана жашыл экономика секторуна насыя берүүгө жумшай турганын USAID [билдирди. ](https://www.facebook.com/USAIDECP/posts/1582989792052590)**

**«Бакай Банк»** Эл аралык өнүктүрүү боюнча USAID агенттигинин колдоосу менен алынган **Moody’s Investors Service** эл аралык агенттигинин татыктуу баалоосунун аркасында HANSAINVEST фондунан каржылоону тарта алды. Эскерте кетсек, 2020-жылы банкка В3 рейтинги ыйгарылган. Бүгүнкү күндө «Бакай Банк» эл аралык агенттиктен аккредитацияланган республикадагы жалгыз финансылык мекеме болуп саналат.

HANSAINVEST – Германиянын инвестициялык фонду. Компания портфелди башкаруу, камсыздандыруу жана финансылык консультацияларды сунуш кылат.