> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги: КР 300 млн кВт/саат электр энергиясын Казакстанга кайтарып берди
- URL: https://im.kg/all/2021/12/09/energetika-ministrligi-kr-300-mln-kvt-saat-elektr-energiyasyn-kazakstanga-kajtaryp-berdi/
- Published: 2021-12-09T13:03:28.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:15:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР 300 млн кВт/саат электр энергиясын Казакстанга кайтарып берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.**

Министрликтин берген маалыматына ылайык, кыргыз тарап Казакстанга 2021-жылдын июнь-август айларында буга чейин алынган **300 млн кВт/саат электр энергиясын кайтарып берди**. КРдан Казакстан Республикасына кайтарылган электр энергиясы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүлөт, ал эми керектелген суунун көлөмү көрсөтүлгөн электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалат.

##### Энергетика министрлиги Казакстанга Токтогул суу сактагычынан кошумча агызылып берилген маселеге эмне дейт?

> КРнын калкын жана экономикасын электр энергиясынын зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында КРнын жана Казакстан Республикасынын Энергетика министрликтери тарабынан электр энергиясын өз ара жеткирүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

> Ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде КРга 900 млн кВт/саат электр энергиясын баштапкы берүүнү ишке ашырууда. Келишимдин негизинде 2021-жылдын мартынан май айына чейинки мезгилде Казакстан Республикасынан 420 млн кВт/саат электр энергиясы алынган, бул көрсөтүлгөн мөөнөттө Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, деп айтылат билдирүүдө.

*[Бекешев: Казакстанга качан, канча көлөмдө суу бердик, так маалымат бергиле](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/09/bekeshev-kazakstanga-kachan-kancha-k-l-md-suu-berdik-tak-maalymat-bergile/)*

Энергетика министрлиги ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин жоопкерчилик менен билдирет.

Эскерте кетсек, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүдө ал Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берип жатканы үчүн Кыргызстанга [ыраазычылык билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/08/kazakstandyn-premer-ministri-zhaparovgo-toktogul-suu-saktagychynan-koshumcha-suu-agyzyp-bergendigi-ch-n-yraazychylyk-bildirdi/) болчу.