Кыргыз фондулук биржасы жаңы рекорддорду коюуну улантууда
Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) индекси жана капитализациясы жаңы рекорддорду коюуну улантууда.
КФБнын индекси 1420.09 пунктка, ал эми капиталдаштыруу 49 млрд сомго жетти. Мындай маалыматтар биржанын сайтында айтылат.
Индекс (ошондой эле капиталдаштыруу) листингдик компаниялардын акцияларынын наркынан түздөн-түз көз каранды экенин белгилей кетүү керек, анткени акыркысы бул көрсөткүчтү эсептөө үчүн негиз болуп саналат. Демек, баалуу кагаздын баасы көтөрүлсө, индекс ошого жараша көтөрүлөт.
Маселен, «Манас» аэропортунун акциялары бир ай мурда эле 550 сомдон сатылып жаткан болсо, бүгүн, 9-декабрда бир акциясы 800 сомдон сатылууда.
Үчүнчү кварталда «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКнын кирешеси 3 млрд 136 млн сомду түзүп, акциялардын наркына оң таасирин тийгизгенин кошумчалайбыз. Кошумчалай кетсек, «Манас» аэропортунун акциялары башка стратегиялык инструменттердин арасында ар дайым чоң суроо-талапка ээ болуп келет.