> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында  500 кВ электр берүү линиясы курулууда
- URL: https://im.kg/all/2021/12/09/kyrgyzstanda-casa-1000-dolboorunun-alkagynda-500-kv-elektr-ber-liniyasy-kuruluuda/
- Published: 2021-12-09T12:48:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү линиясы курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.**

«Датка» көмөкчордонунда атайын курула турган 500 кВ аба электр чубалгысынан 455 чакырым электр чубалгылары тартылып, андан Жалал-Абад, Ош жана Баткен аркылуу Тажикстандын чегарасына өтөт.

Бүгүнкү күндө 727 мамыга баруучу жолдорду куруу, 632 фундаменталдык чуңкурларды казуу, 563 арматура-бетон куюу, 389 тирөөчтөрдү монтаждоо иштери аяктады. Долбоор боюнча жалпы 1241 тирөөч курулат.

> Министрликтин маалыматына таянсак, учурда **Баткен, Ош** жана **Жалал-Абад** облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке **59 атайын техника** жана атайын унаа, **76** даана техника жана **300 жумушчу** тартылган. Анын дээрлик **65%** жергиликтүү тургундар. Аталган үч облуста инфраструктуралык объектилерди курууга адистерди мобилизациялоо үчүн 6 курулуш базасы түзүлгөн.

Маалымдама: CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.