Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында 500 кВ электр берүү линиясы курулууда
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү линиясы курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
«Датка» көмөкчордонунда атайын курула турган 500 кВ аба электр чубалгысынан 455 чакырым электр чубалгылары тартылып, андан Жалал-Абад, Ош жана Баткен аркылуу Тажикстандын чегарасына өтөт.
Бүгүнкү күндө 727 мамыга баруучу жолдорду куруу, 632 фундаменталдык чуңкурларды казуу, 563 арматура-бетон куюу, 389 тирөөчтөрдү монтаждоо иштери аяктады. Долбоор боюнча жалпы 1241 тирөөч курулат.
Министрликтин маалыматына таянсак, учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 59 атайын техника жана атайын унаа, 76 даана техника жана 300 жумушчу тартылган. Анын дээрлик 65% жергиликтүү тургундар. Аталган үч облуста инфраструктуралык объектилерди курууга адистерди мобилизациялоо үчүн 6 курулуш базасы түзүлгөн.
Маалымдама: CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.