> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүк ташуу 1.5 эсеге өстү – Мамин
- URL: https://im.kg/all/2021/12/09/kytajdan-kyrgyzstanga-kazakstan-arkyluu-zh-k-tashuu-1-5-esege-st-mamin/
- Published: 2021-12-09T10:49:00.000Z
- Updated: 2023-05-03T07:55:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдан Кыргызстанга Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташуу үстүбүздөгү жылдын 10 айында 1.5 эсеге – 178 миң тоннадан 266 миң тоннага чейин өстү.**

Бул көрсөткүчтөрдү Казакстандын премьер-министри **Аскар Мамин** Нур-Султан шаарында КРнын Министрлер кабинетинин башчысы **Акылбек Жапаров** менен болгон сүйлөшүүлөрдө белгилегенин Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

> Мамин транзиттик-транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасы байкалганын белгиледи.

Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арасында 7 автоунаа өткөрмө бекети бар. Ошондой эле, 17-ноябрдан тарта Нур-Султан *–* Бишкек багыты боюнча жумасына эки жолу жыштык менен үзгүлтүксүз каттам жанданды. Бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жумасына 11 каттам бар.