Кытайдан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүк ташуу 1.5 эсеге өстү – Мамин
Кытайдан Кыргызстанга Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташуу үстүбүздөгү жылдын 10 айында 1.5 эсеге – 178 миң тоннадан 266 миң тоннага чейин өстү.
Бул көрсөткүчтөрдү Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Нур-Султан шаарында КРнын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен болгон сүйлөшүүлөрдө белгилегенин Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Мамин транзиттик-транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасы байкалганын белгиледи.
Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арасында 7 автоунаа өткөрмө бекети бар. Ошондой эле, 17-ноябрдан тарта Нур-Султан – Бишкек багыты боюнча жумасына эки жолу жыштык менен үзгүлтүксүз каттам жанданды. Бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жумасына 11 каттам бар.