> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропорту маалымдайт – Россияга/КРга учуунун жаңыртылган эреже-талаптары
- URL: https://im.kg/all/2021/12/09/manas-aeroportu-maalymdajt-rossiyaga-krga-uchuunun-zha-yrtylgan-erezhe-talaptary/
- Published: 2021-12-09T14:58:53.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:54:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» аэропорту кыргызстандыктардын Россияга учууга жана Россиядан Кыргызстанга учуудагы 2021-жылдын 8-декабрына карата жаңы жол-жобосун, тагыраак айтканда, эреже-талаптарын айтты.** 

##### Кыргызстандын жарандары (жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандары): 

- **«Путешествую без COVID-19» мобилдик тиркемеси** аркылуу Кыргызстандан Россия Федерациясына түз каттамдары аркылуу уча алат
- Кыргызстандын (жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн) жарандары Россияга келээрден **«Путешествую без COVID-19» мобилдик тиркемеси** аркылуу тандалып алынган **эки календардык күндөн эрте эмес** убакытта жасалган **ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы бар** экендигин ырасташат
- ПЧР-тести учуп кетүүгө чейин **акыркы 48 сааттын ичинде жасаш керек**

##### Россия Федерациясынын жарандары: 

- Кыргызстандан Россия Федерациясына **эч кандай чектөөсүз** уча алат.
- Россия Федерациясына кирүүнүн учурдагы тартибине ылайык, россиялык жарандар кетээр алдында [Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында](https://esia.gosuslugi.ru/login/) атайын форманы толтурушу керек (билет сатып алууда, каттого чейинки убакытка чейин)
- чет өлкөлөрдөн келген **Россиянын жарандары** келген күндөн тартып, **эки календардык күндүн ичинде** Россиянын аймагында **бир жолку ПЧР-тесттен** өтүшү керек
- ПЧР- тесттеринин **жыйынтыгы төрт календардык күндүн ичинде** Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү **порталына** жайгаштырылууга тийиш
- Жыйынтык чыкканга чейин жашаган жери (болгон) боюнча изоляциялануу зарыл
- МААНИЛҮҮ! ПЧР-тесттеринин натыйжалары, ооруп, айыкканы тууралуу же эмдөө жөнүндө маалымат **мамлекеттик кызматтардын сайтында** жайгаштырылышы керек
- **чет өлкөдөн берилген эмдөө** же мурда ооруп калгандыгы тууралуу сертификаттар кабыл алынбайт
- **мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр сайтында** жайгаштырылган гана сертификаттар эске алынат.

Кененирээк маалыматты РФнын КРгы Элчилигинин[ расмий сайтынан](https://kyrgyz.mid.ru/o-vyezde-v-rossijskuu-federaciu?fbclid=IwAR1vRSGjvc8ATCCbxnzfen9fEPVhHOVxCUAaBoRNgmCLPY83gEqtK8aF1jY) алууга болот.