«Манас» аэропорту маалымдайт – Россияга/КРга учуунун жаңыртылган эреже-талаптары

«Манас» аэропорту кыргызстандыктардын Россияга учууга жана Россиядан Кыргызстанга учуудагы 2021-жылдын 8-декабрына карата жаңы жол-жобосун, тагыраак айтканда, эреже-талаптарын айтты.

Кыргызстандын жарандары (жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандары):
  • «Путешествую без COVID-19» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстандан Россия Федерациясына түз каттамдары аркылуу уча алат
  • Кыргызстандын (жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн) жарандары Россияга келээрден «Путешествую без COVID-19» мобилдик тиркемеси аркылуу тандалып алынган эки календардык күндөн эрте эмес убакытта жасалган ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы бар экендигин ырасташат
  • ПЧР-тести учуп кетүүгө чейин акыркы 48 сааттын ичинде жасаш керек
Россия Федерациясынын жарандары:
  • Кыргызстандан Россия Федерациясына эч кандай чектөөсүз уча алат.
  • Россия Федерациясына кирүүнүн учурдагы тартибине ылайык, россиялык жарандар кетээр алдында Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында атайын форманы толтурушу керек (билет сатып алууда, каттого чейинки убакытка чейин)
  • чет өлкөлөрдөн келген Россиянын жарандары келген күндөн тартып, эки календардык күндүн ичинде Россиянын аймагында бир жолку ПЧР-тесттен өтүшү керек
  • ПЧР- тесттеринин жыйынтыгы төрт календардык күндүн ичинде Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталына жайгаштырылууга тийиш
  • Жыйынтык чыкканга чейин жашаган жери (болгон) боюнча изоляциялануу зарыл
  • МААНИЛҮҮ! ПЧР-тесттеринин натыйжалары, ооруп, айыкканы тууралуу же эмдөө жөнүндө маалымат мамлекеттик кызматтардын сайтында жайгаштырылышы керек
  • чет өлкөдөн берилген эмдөө же мурда ооруп калгандыгы тууралуу сертификаттар кабыл алынбайт
  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр сайтында жайгаштырылган гана сертификаттар эске алынат.

Кененирээк маалыматты РФнын КРгы Элчилигинин расмий сайтынан алууга болот.