Соодагерлер WhatsApp аркылуу ККМдин пилоттук моделин колдонуу боюнча консультация алса болот

Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорунун колдонуучулары үчүн пилоттук долбоорду техникалык колдоо борбору иштеп жаткандыгын билдирет.   

ККМдин пилоттук моделин колдонуу боюнча техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөгү суроолор келип чыккан учурда (0312)51-01-47, (0995)99-66-69 (WhatsApp) жана (0508)99-66-69 (WhatsApp) байланыш номерлерине кайрылса болот.

Салык кызматынын адистери долбоордун катышуучуларынан келген билдирүүлөрдү кыска мөөнөттүн ичинде ыкчам иштеп чыгууга даяр.

Эске салсак, 2021-жылдын сентябрынан тартып Мамлекеттик салык кызматы ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүп келет, анын алкагында долбоордун катышуучуларына кассалык аппараттар, ошондой эле аларды тейлөө акысыз көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө 928 ККМге фискалдык модуль ыйгарылды, анын ичинен 910 кассалык машина ар кандай соода жана тейлөө түйүндөрүнө орнотулган.