> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы бюджеттин чыгымдарынын 50% социалдык секторлорго багытталат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/10/2022-zhyly-bjudzhettin-chygymdarynyn-50-socialdyk-sektorlorgo-bagyttalat/
- Published: 2021-12-10T12:14:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы бюджеттин чыгымдарынын 50% социалдык секторлорго багытталат.** **Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 10-декабрда «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» парламенттик угууда[ билдирди.](https://www.youtube.com/watch?v=78pac5y-CtE)**

Анын айтымында, орто мөөнөттүү келечекте бардык секторлор боюнча чыгымдардын өсүүсү болжолдонууда. Ошондой эле келээрки жылы бюджеттин чыгымдарынын 50% социалдык секторго багытталат.

- 2022-жылы – 109 млрд 800 млн сом
- 2023-жылы – 113 млрд сом
- 2024-жылы – 113 млрд 400 млн сом бөлүнөт.

2022-2024-жылдары республикалык бюджеттин кирешелеринин негизин салыктык кирешелер түзөт.

> «Бажы кызматынын салык киршелери 2022-24-жылдарга жыл сайын өсүүсү болжолдонууда жана ал келээрки жылы 56.5 млрд сом жана 2024-жылга чейин 68 млрд сомго чейин өсөт», – деди министр. 

Анын берген маалыматына караганда, орто мөөнөттүү мезгилде учурдагы чыгымдардын үлүшү бюджеттин жылпы чыгымдарынын 80% тартибинде жогору бойдон калууда. 2022-жылы чыгашалар **180 млрд 800 млн сомго** чейин өсүүсү күтүлүүдө.