2022-жылы бюджеттин чыгымдарынын 50% социалдык секторлорго багытталат

2022-жылы бюджеттин чыгымдарынын 50% социалдык секторлорго багытталат. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 10-декабрда «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, орто мөөнөттүү келечекте бардык секторлор боюнча чыгымдардын өсүүсү болжолдонууда. Ошондой эле келээрки жылы бюджеттин чыгымдарынын 50% социалдык секторго багытталат.

  • 2022-жылы – 109 млрд 800 млн сом
  • 2023-жылы –  113 млрд сом
  • 2024-жылы –  113 млрд 400 млн сом бөлүнөт.

2022-2024-жылдары республикалык бюджеттин кирешелеринин негизин салыктык кирешелер түзөт.

«Бажы кызматынын салык киршелери 2022-24-жылдарга жыл сайын өсүүсү болжолдонууда жана ал келээрки жылы 56.5 млрд сом жана 2024-жылга чейин 68 млрд сомго чейин өсөт», – деди министр.

Анын берген маалыматына караганда, орто мөөнөттүү мезгилде учурдагы чыгымдардын үлүшү бюджеттин жылпы чыгымдарынын 80% тартибинде жогору бойдон калууда. 2022-жылы чыгашалар 180 млрд 800 млн сомго чейин өсүүсү күтүлүүдө.