Бишкекте Италиянын Элчилигин ачуу жана Кыргыз-италиялык инвестициялык фондун түзүү кайрадан талкууланды

Кыргыз-италиялык инвестициялык фондун түзүү жана Италиянын Бишкекте Элчилигин ачуу маселеси кайрадан каралды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 8-декабрда Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» иш чарасынын алкагында Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуу учурунда талкууланганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мындай макулдашуулар Казакбаевдин Рим шаарына болгон иш-сапарынын жыйынтыгында жетишилген болчу.

Жолугушууда кыргыз-италиялык инвестициялык фондду түзүү жана Италиянын Бишкекте Элчилигин ачуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту жана 2022-жылдын биринчи жарымында КРнын президенти Садыр Жапаровдун Италияга иш-сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш-сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары тыгыз байланышты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстандын «ВСП+» макамын эске алуу менен Италия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул контекстте Бишкек шаарында өткөн кыргыз-италиялык бизнес-форумду канааттануу менен белгилеп, италиялык инвестицияларды Кыргызстанга тартууга кошумча түрткү берүүчү өлкөнүн экономикалык жана туристтик дарамети боюнча өлкөлүк презентациясын уюштурууну пландаштырышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды бекемдөө жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.