Эң коррупциялашкан мамлекеттик орган – Бажы кызматы – «Биз коррупцияга каршыбыз» аттуу флешмоб өткөрдү
Кечээ, 9-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери «Биз коррупцияга каршыбыз!» аталышында майрамдык флешмоб уюштурушканын ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Флешмоб «Эл аралык коррупцияга каршы күрөш күнүн белгилөөнүн урматына» өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин жарандардын мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээли тууралуу жеке көз карашы боюнча сурамжылоосуна ылайык, кыргызстандыктар кеминде беш жылдан бери Бажы кызматын эң коррупциялашган орган деп билдиришкен. Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын экинчи жарымында Бажы кызматы иш сапаты боюнча эң төмөнкү рейтингди алып, элдин ишеними боюнча акыркы орунду ээлеген.
Иш-чаранын алкагында МБКнын Борбордук аппаратында, ошондой эле КРнын бажы органдарында «Биз коррупцияга каршыбыз!», «Коррупция – токто» чакырыктары менен баннерлер илинди, ошондой эле МБКнын өздүк курамы менен тематикалык фотосессия өттү.
Ушул жылдын август айында бажы кызматынын бир катар кызматкерлерине «Бажы органдарда коррупцияга каршы аракеттенүү» темасында семинар өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, бажы кызматында ишеним телефону иштейт. КРнын жарандары жана меймандары бажы органдарында кызматтык тартиптин бузулганы жана коррупциянын белгилери жөнүндө билдирмени иш күндөрү саат 9.00дөн 18-00гө чейин (дем алыш күндөрдөн тышкары) +996 312 51 24 67 номери боюнча жөнөтсө болот. Күнү-түнү +996 0777 77 71 60. Эл. почта: doverie@customs.gov.kg
«Сиздин маалымат КР бажы кызматындагы терс көрүнүштөргө өз учурунда бөгөт коюуга жана алдын алууга мүмкүндүк берет», – деп билдирет Бажы кызматы.