> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 15 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер 2019-2020-жылдар боюнча салык декларациясын тапшырган эмес
- URL: https://im.kg/all/2021/12/13/15-mi-den-ashyk-mamlekettik-kyzmatkerler-2019-2020-zhyldar-bojuncha-salyk-deklaraciyasyn-tapshyrgan-emes/
- Published: 2021-12-13T12:06:25.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:01:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**15 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырган эмес. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирет.**

> МСК 2019-2020-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын иштеп чыгуунун жыйынтыгында **15 478** мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырбагандыгын аныктады. Анын ичинен **9 миң 403 декларация** 2019-жыл боюнча жана **6 миң 75 декларация** 2020-жыл боюнча.

Мындан тышкары, мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен (1-апрелден кийин) 1 миң 496 декларация тапшырылган.

> Жалпысынан ушул жылдын 13-декабрына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же алмаштырган адамдардан 2020-жыл үчүн 58 миң 437, 2019-жыл үчүн 54 миң 339 декларация түшкөн.

Бүгүнкү күндө салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин **103 миң 717 декларациясы иштелип чыгып**, талдоо жүргүзүлгөн. 

Белгилей кетсек, Салык кызматынын сайтында мыйзамга ылайык, 6 миң 200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын (саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары) кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтар жарыяланган.