15 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер 2019-2020-жылдар боюнча салык декларациясын тапшырган эмес
15 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырган эмес. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирет.
МСК 2019-2020-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын иштеп чыгуунун жыйынтыгында 15 478 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырбагандыгын аныктады. Анын ичинен 9 миң 403 декларация 2019-жыл боюнча жана 6 миң 75 декларация 2020-жыл боюнча.
Мындан тышкары, мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен (1-апрелден кийин) 1 миң 496 декларация тапшырылган.
Жалпысынан ушул жылдын 13-декабрына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же алмаштырган адамдардан 2020-жыл үчүн 58 миң 437, 2019-жыл үчүн 54 миң 339 декларация түшкөн.
Бүгүнкү күндө салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 103 миң 717 декларациясы иштелип чыгып, талдоо жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, Салык кызматынын сайтында мыйзамга ылайык, 6 миң 200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын (саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары) кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтар жарыяланган.