> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШ КРга Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/13/aksh-krga-pfizer-vakcinasynyn-koshumcha-49-mi-dozasyn-tapshyrdy/
- Published: 2021-12-13T18:27:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**10-декабрда Америка Кошмо Штаттары (АКШ) КРга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын КРгы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.** 

Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды КРда COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.

> «Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем», – деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан КРга берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.

Пандемия башталгандан бери, АКШ КРга COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн **9 млн доллардан ашык каражат** бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү улантат, деп айтылат билдирүүдө.