АКШ КРга Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды

10-декабрда Америка Кошмо Штаттары (АКШ) КРга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын КРгы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды КРда COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем», – деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан КРга берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.

Пандемия башталгандан бери, АКШ КРга COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү улантат, деп айтылат билдирүүдө.