Эң кымбат көмүр Ноокатта – бир тонаасы 7 990 сом

Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 10- декабрына карата үстүбүздөгү  жылдын ноябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 5.9%га төмөндөп, бир тоннасы  5 342.8 сомду түзүп жатканын Улутстатком кабарлады.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тоннасы – 7 989.6 сом), Баткен (бир тоннсы – 7 969.9 сом) жана Кербен (бир тоннасы – 7 824.6 сом) шаарларында катталды, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тоннасы – 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тоннасы – 4 049.7 сом), Нарын (бир тоннасы – 4 449.7 сом)  жана Токмок шаарларында (бир тоннасы – 4 598.9 сом) болгону байкалды.

Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы токтому менен №209 көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

Балыкчы (тоннасы 3 200 сом), Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында арзандатылгын баада көмүр сатуу түйүндөрү катталган. Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн баалар Улуттук статистика комитет тарабынан көмүрдүн орточо баасын эсептөөнүн жүрүшүндө жалпы суммага киргизилген эмес.

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.