> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министри: «Кумтөрдүн» алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу маалыматым жок
- URL: https://im.kg/all/2021/12/13/finansy-ministri-kumt-rd-n-altyndary-kajda-satylyp-zhatkany-tuuraluu-maalymatym-zhok/
- Published: 2021-12-13T15:00:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:01:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кумтөрдүн алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу маалыматым жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=WeW5RnzkH7M&list=RDCMUCdnd%5FIBwwoNaIUeYnqP%5F6cw&start%5Fradio=1) Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.**

> Осмон Турдумамбетов жыйында: «Кумтөрдү иштетип атабыз деп атабыз. Канча алтын өндү, канча салык түштү, канчадан саттык алтынды, сатпасак каякта сактап атабыз ал алтынды. Кыска жооп берип койсоңуз, бул коомчулукту эң кызыктырган суроо», – деген суроосун берди.

Финансы министри Кумтөр бардык салыктарды төлөп жатканын бирок сатылып жаткан алтындар тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

> «Алтын боюнча каякка сатылганы тууралуу маалыматым жок экен», – деди кыскача.