Казакстандын өкмөтү Камбар-Ата ГЭС-1ди чогуу куруу маселесин карап жатат

Казакстандын бийлигинин өкүлдөрү 17-декабрда президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга келет. Алар Камбар-Ата ГЭС-1ди бирге курууну талкуулоо үчүн келишет. Бул тууралуу КТРК телеканалынын түз эфиринде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата ГЭС-1дин техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Казакстан менен да өзүнчө техникалык-экономикалык негиздеме түзүлөт.

«Натыйжада биз белгилүү бир финансылык моделге келебиз. Кийинки жылы курулушту баштайбыз. Биз азыр каражатты ким, кантип табат, тараптардын үлүштөрү кандай болорун талкуулап жатабыз. ГЭС кандай принципте курулат, Кыргызстан, Өзбекстан же Казакстан эмне алат – бардык президенттер өз ара чечиши мүмкүн», –  деди ал.

Ал кошумчалагандай, өткөн жай мамлекеттер колдо болгон ресурстарды бөлүшүшү керек экенин көрсөттү.

«Суунун тартыштыгы болгонун бардык мамлекеттер сезди. Биз Нарын дарыясынын 1.5%ын гана пайдаланабыз, калганын коңшуларыбыз пайдаланат. Ошондуктан алар өздөрү биргелешип иштөө каалоосун билдиришүүдө. Келерки жылы долбоор алдыга жылат деп ишенем», – деди Жапаров.