> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР боюнча жалпы 90 миң ишкер салыктан бошотулат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/13/kr-bojuncha-zhalpy-90-mi-ishker-salyktan-boshotulat/
- Published: 2021-12-13T12:58:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР боюнча жалпы 90 миң ишкер салыктан бошотулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.**

Анын айтымында, КР боюнча жалпы 90 миң ишкер салыктан бошотулат, бирок аларды ККМге өткөрүү жүрөт.

> «Ушундай жол менен салык маданиятын киргизип жатабыз. Мындан **3 млрд жоготуу болот** же бюджетке түшпөй калат. Ошентип аларды көмүскө экономикадан чыгарабыз. Эгерде жылдык акча айлантуусу 8 млн сомдон ашса, анда салык төлөшөт», – деди ал.