КР боюнча жалпы 90 миң ишкер салыктан бошотулат

КР боюнча жалпы 90 миң ишкер салыктан бошотулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, КР боюнча жалпы 90 миң ишкер салыктан бошотулат, бирок аларды ККМге өткөрүү жүрөт.

«Ушундай жол менен салык маданиятын киргизип жатабыз. Мындан 3 млрд жоготуу болот же бюджетке түшпөй калат. Ошентип аларды көмүскө экономикадан чыгарабыз. Эгерде жылдык акча айлантуусу 8 млн сомдон ашса, анда салык төлөшөт», – деди ал.