9 айда БАЭ менен КРнын ортосундагы өз ара соода алмашуунун көлөмү 47 млн долларды түздү
9 айда БАЭ менен КРнын ортосундагы өз ара соода алмашуунун көлөмү 47 млн долларды түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагындагы куттуктоо сөзүндө билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага Акылбек Жапаров, БАЭ толеранттуулук министри, «ЭКСПО-2020» генералдык комиссары Нахайян бен Мубарак Аль Нахайяна, расмий делегация өкүлдөрү, ишкерлер жана БАЭ жашаган КРнын жарандары катышты.
Иш-чара эки өлкөнүн мамлекеттик тууларын көтөрүү аземи менен башталып, эки өлкөнүн гимндери да жаңырды. Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
«Биз Кыргызстандын экономикасына инвестиция, алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдарбыз. Биз соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.
Экономиканын тармактарын, мамлекеттик башкарууну жана калкка кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү жолу менен тынымсыз бара жатабыз. Ал эми жакын арада турмуштун негизги чөйрөлөрүндө кардиналдуу реформаларды ишке ашырууга чечкиндүү кадам таштайбыз.
Бул контекстте Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө чын дилден кызыкдар.
Эки тараптуу диалог жана өз ара байланыштар үзгүлтүксүз негизде уланууда. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өз ара соода алмашуунун көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эседен ашык өсүп, 47 млн долларды түздү», – деди Жапаров.