Акаев Кыргызстанга кайра келди

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келгенин бүгүн, 14-декабрда «АКИpress» агенттиги өздүк булактарына таянып ​​билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва Бишкек каттамында саат 04:40та уулу Илим менен келген. Анын келгени тууралуу маалыматты Акаевдин жанында жүргөн адамдар тастыкташкан.

Анын Бишкекке эмне себептен келгени азырынча белгисиз.