> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызстан – БАЭ» бизнес форумунда 3.2 млн долларлык келишимге кол коюлду
- URL: https://im.kg/all/2021/12/14/kyrgyzstan-bae-biznes-forumunda-3-2-mln-dollarlyk-kelishimge-kol-kojuldu/
- Published: 2021-12-14T09:57:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары» бизнес-форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 3.2 млн долларга эт, бал, кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.**

Бизнес-форумдун ишине экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде **тамак-аш** жана **жеңил өнөр жай, IT, энергетика** жана **фармацевтика** тармактарында иштеген **100дөн ашык өкүл** катышты.

> Бизнес-форумдун жыйынтыгында **жалпы суммасы 3 200 000 доллар** сумасына эт, бал, кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча бир катар тышкы соода келишимдерине кол коюлду.

**Төмөнкүлөр ортосунда келишимдерге кол коюлган:**

• «Торо» жана «Bio Agro Meat Trading» топоз этин ташуу;

• «Дордой-Балыкчы» ЖЧК жана «Smart gate food», «Trans Emirates Livestock Trading», Etejhat Sale of refrigerated and frozen meat» LLC майда жана ири мүйүздүү малды ташуу;

• «Ноктюрн» ЖЧК жана «Jiwar trade EST», «Yash Herbs&Honey trading Maysalon» бал ташуу;

• «Сан планет» ЖЧК жана IMXPOWER соода компаниясы кара өрүктү жана жаңгакты ташуу;

• «Аман-Гринфуд» ЖЧК жана «Foodya world foodstuff trading» LLC бал ташуу.