«Кыргызстан – БАЭ» бизнес форумунда 3.2 млн долларлык келишимге кол коюлду

«Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираттары» бизнес-форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 3.2 млн долларга эт, бал, кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бизнес-форумдун ишине экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде тамак-аш жана жеңил өнөр жай, IT, энергетика жана фармацевтика тармактарында иштеген 100дөн ашык өкүл катышты.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында жалпы суммасы 3 200 000 доллар сумасына эт, бал, кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча бир катар тышкы соода келишимдерине кол коюлду.

Төмөнкүлөр ортосунда келишимдерге кол коюлган:

• «Торо» жана «Bio Agro Meat Trading» топоз этин ташуу;

• «Дордой-Балыкчы» ЖЧК жана «Smart gate food», «Trans Emirates Livestock Trading», Etejhat Sale of refrigerated and frozen meat» LLC майда жана ири мүйүздүү малды ташуу;

• «Ноктюрн» ЖЧК жана «Jiwar trade EST», «Yash Herbs&Honey trading Maysalon» бал ташуу;

• «Сан планет» ЖЧК жана IMXPOWER соода компаниясы кара өрүктү жана жаңгакты ташуу;

• «Аман-Гринфуд» ЖЧК жана «Foodya world foodstuff trading» LLC бал ташуу.