> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/15/a-b-emd-g-25-mln-dollar-beret-aga-1-7-mln-doza-vakcina-alynat/
- Published: 2021-12-15T11:40:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алабыз, бирок 1 доза канчадан болот билбейбиз, божомол менен 10 доллардан кем болбойт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында [билдирди.](https://www.youtube.com/watch?v=r7bF0d-WRtQ)** 

«Жыйында КР менен АӨБ ортосундагы Азия Тынч океан аймагындагы вакцинага жетүү механизми алкагындагы Covid-19га каршы эмдөө жүргүзүүнү колдоо боюнча кредиттик макулдашуунун жана гранттык макулдашуунун долбоору» боюнча баяндама жасаган Улук-Бек Бектурганов депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.

> «АӨБдөн **25 млн доллар** алып жатабыз, анын **12.5 млн кредит**, **12.5 млн грант** түрүндө берилет. 25 млн долларга 1.7 млн доза вакцина алабыз, бул эки дозалуу, 780 миң адамга жетет», – деди министрдин орун басары. 

Депутат Мамасадык Бакиров эгер акча так бөлүнүп жаткан болсо, вакцинанын 1 дозасы канча сомдон болуп жатканын, эмнеге баасы чечиле электиги тууралуу суроосун берип, кыска мөөнөттүү долбоорду башкарууга **245 миң доллар** эмнеге бөлүнгөнүн сурады. 

> «Ошондо 1 дозасы канча сомдон болуп жатат? 245 миң долларды долбоорду башкарууга деп бөлүптүрсүздөр, эгер вакцинаны сатып алып жатсаңыздар, долбоор кыска мөөнөттүү болсо, эмнеге бөлгөнүңөрдү түшүнгөн жокмун», – деди Бакиров.

Бектурганов вакцинанын баасы азыр чечиле электигин, божомол менен 1 вакцина 10 доллардан кем эмес болоорун айтты. Ошондой эле АӨБдөн берилчү каражатка вакциналар 2022-жылдын аягында келерин билдирди. 

> Министрдин орун басарынын айтымында, азыр калктын 25% гана эмдөөдөн өттү. 6.5 млн адамдан 70%ы эмдөөдөн өтүш керек.