> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» азайып кеткен кирешесине комментарий берди
- URL: https://im.kg/all/2021/12/15/akylbek-zhaparov-kumt-rd-n-azajyp-ketken-kireshesine-koommentarij-berdi/
- Published: 2021-12-15T16:12:30.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» азайып кеткен кирешеси тууралуу комментарий берди. Анын айтымында, баары жакшы.**

Эскерте кетсек, Финансы министрлиги Кумтөрдөн түшкөн киреше үчтөн бирге кыскарып, бюджетке **2.6 млрд сом**[ түшпөй калганын билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/14/finansy-ministrligi-kumt-rd-n-kancha-altyn-satylganyn-biz-bilbejbiz-kyrgyzaltyn-bilet/) болчу. Ведомстводон «Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2020-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө **9 млрд 618.7 млн ​​сом**, ал эми 2021-жылдын 11 айында **6 млрд 998.8 млн сом** түшкөнүн маалымдаган эле. 

> «Салыктар талап кылынган өлчөмдө төлөнүүдө. 12 айдын ичинде жакшы рудага жетишти. Буга чейин карьерди суу каптап кеткени айтылса, азыр ал жок – 1.5 тоннадан ашык өтө сапаттуу алтын бар. 12 айдын аягында бардык пландар аткарылат деп ишенем», – деди Жапаров.

Ошондой эле ал компания геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жүгүртүүдөн 4% бюджетке төлөй баштаганын кошумчалады.