> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте пластиктерди кайра иштетүүчү завод ачылат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/15/bishkekte-plastikterdi-kajra-ishtet-ch-zavod-achylat/
- Published: 2021-12-15T12:01:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**BEGREEN эко-кыймылы Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү заводду ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү билдирди.**

> «Белгилүү болгондой эле биздин шаарда, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле экологияны эң негизги булгоочу пластикти сорттоо курч маселеси турат. 2019-жылы бул маселени комплекстүү чечүүнү ойлонуп эко-кыймылды баштадык, анын алкагында таштандыларды сорттоо маданиятын жогорулатуу максатында калк менен маалымат иштерин жүргүзүүдөн тышкары, пластиктен таштандыларды чогултуу үчүн Кыргызстан боюнча эко урналарды орноттук», – деп билдиришти уюмдан.

Учурда Бишкек шаары боюнча 530 эко урналар орнотулган. 17-декабрда чогултулган пластикти кайра иштетүүчү ишкананын ачылышы болот.

> «Мындай затты кайра иштетип, андан ийкемдүү пластиктен жасалган кыргычтарды чыгарабыз. Келечекте пластмасса чогултуудан тартып, андан сапаттуу продуктуну өндүрүүгө чейинки циклди толук камтуу пландаштырылууда», – дейт BEGREEN.