Бишкекте пластиктерди кайра иштетүүчү завод ачылат

BEGREEN эко-кыймылы Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү заводду ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү билдирди.

«Белгилүү болгондой эле биздин шаарда, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле экологияны эң негизги булгоочу пластикти сорттоо курч маселеси турат. 2019-жылы бул маселени комплекстүү чечүүнү ойлонуп эко-кыймылды баштадык, анын алкагында таштандыларды сорттоо маданиятын жогорулатуу максатында калк менен маалымат иштерин жүргүзүүдөн тышкары, пластиктен таштандыларды чогултуу үчүн Кыргызстан боюнча эко урналарды орноттук», – деп билдиришти уюмдан.

Учурда Бишкек шаары боюнча 530 эко урналар орнотулган. 17-декабрда чогултулган пластикти кайра иштетүүчү ишкананын ачылышы болот.

«Мындай затты кайра иштетип, андан ийкемдүү пластиктен жасалган кыргычтарды чыгарабыз. Келечекте пластмасса чогултуудан тартып, андан  сапаттуу продуктуну өндүрүүгө чейинки циклди толук камтуу пландаштырылууда», – дейт  BEGREEN.