Быйыл социалдык объектилерди оңдоого 473 млн сом жумшалды

Быйылкы жылы социалдык объектилерди оңдоого 473 млн сомдон ашык каражат жумшалды. Стимул берүүчү гранттар 267 долбоорго берилди. Мындай маалыматты Финансы министрлиги берди.

Жалпысынан 2021-жылдын бюджетинде стимул берүүчү гранттарга 600 млн сом каралган.

Стимул берүүчү (үлүштүк) гранттар – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары. Каражаттар долбоордук-конкурстук негизде, жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен бөлүнөт.

Каражат социалдык маанидеги объектилерди: бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду жана спорт аянтчаларын оңдоого (курулушка азыраак) жумшалат.

Жогорудагы имараттардын абалы республиканын айрыкча алыскы аймактарында кейиштүү абалда турат. Калыбына келтирүү, оңдоо жана жаңы имараттарды куруу үчүн жергиликтүү бюджеттерде каражат жок.