«Кербен-Алтын булак» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылды

 «Кербен-Алтын булак» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

2021-жылдын 14-декабрында берилген арызга ылайык, Талас облусундагы, Манас районунда, Тараз-Покровка-Кайыңды автотрассасынын 0+0.070 км дареги боюнча «Чоң-Капка» бажы постунун жанында жайгашкан «Кербен-Алтын булак» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылган.