> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лейлек районунда 7 млн долларлык кичи ГЭС курулууда
- URL: https://im.kg/all/2021/12/15/lejlekte-7-mln-dollarlyk-kichi-ges-kuruluuda/
- Published: 2021-12-15T09:24:50.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунун** **Лейлек районунда 7 млн долларлык кичи ГЭС курулууда. Бул тууралуу [batken.press](http://batken.press/) маалымат порталы билдирди.**

> Лейлек районунда кичи ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.  
> Катраң айыл аймагында Козу-Баглан дарыясынын жээгинде, ич**ки инвестордун колдоосу менен** 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы **7 млн долларды** түзөт.

Берилген маалыматка ылайык, учурда биринчи этаптагы иштер 80%га аяктаган. Чакан ГЭС курулуп бүтсө айылдагы бир топ социалдык маселелер чечилип, айыл тургундары жаңы жумуш орундары менен камсыз болушаары айтылууда.

Экинчи этабындагы иштер 2022-жылы кыска убакытта бүткөрүлөөрү пландалууда.