> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Испаниялык компания Бишкекте таштанды сорттоочу завод курууну сунуштап жатат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/16/ispaniyalyk-kompaniya-bishkekte-tashtandy-sorttoochu-zavod-kuruunu-sunushtap-zhatat/
- Published: 2021-12-16T16:04:36.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Испаниялык компания Бишкекке таштанды сорттоочу завод курууну сунуштоодо. Бул сунушту Бишкек мэриясы Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте карап жатат. Бул тууралуу борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов брифингде билдирди.**

> Анын айтымында, компаниянын Казакстанда тажрыйбасы бар жана 2022-жылдын күзүндө завод курууга даяр. «Алар жакшы шарттарды сунуштап, үчүнчү кварталда куруп беребиз деп ишендирип жатышат», – деди вице-мэр.

Анын берген маалыматына караганда, инвестордун юристтери менен жолугушуу пландаштырылган. Эгерде тараптар бир пикирге келсе, мэрия курулуш боюнча келишимге кол коет.

Таштандыларды сорттоочу завод санитардык полигон менен жаңы рекультивация аймагында жайгашмакчы.